2026-жылдын 5-мартында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде улуттук кийим Ак калпак күнүнө арналган «Ак калпак – кыргыз мурасы» аттуу жаштар форуму өттү.

Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, салт-санаасын жана маданий мурасын даңазалоо, ошондой эле ак калпактын тарыхый жана руханий маанисин жаш муунга кеңири түшүндүрүү жана улуттук аң-сезимди бекемдөө болуп саналат.

Форумга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Рустам Алишеров жана жаштар менен иштөө секторунун кызматкерлери катышты. Алар мындай иш-чаралар жаштардын патриоттук сезимин күчөтүп, улуттук салт-санаага болгон урмат-сыйды арттырууга жана жарандык активдүүлүгүн калыптандырууга чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Анда ак калпактын тарыхый жана руханий мааниси, улуттук кийимдердин баалуулугу жана жаштардын улуттук ан-сезимин бекемдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук салттарына жана символдоруна арналган маданий программа тартууланды.

Иш-чаранын уюштуруучулары жаштарды улуттук мураска аяр мамиле кылууга жана өлкөнүн маданий баалуулуктарын биргеликте сактап, өнүктүрүүгө чакырышты.