Бишкек шаарынын мэриясы жолбун (кароосуз калган) иттердин санын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөрүн жана жарандардын жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын билдирет.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Борбор калаанын макамы жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелерден тышкары, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле шаар аймагында санитардык тазалыкты көзөмөлдөө, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруу да жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттерине кирет.
Учурда жолбун иттердин санын жөнгө салуу иштери «Тазалык» ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул иштер 1995-жылдын 25-апрелиндеги №169 Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын токтомуна жана 2007-жылдын 11-сентябрындагы №26 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин чечимине ылайык жүргүзүлөт.
Аталган министрликтин 2007-жылдын 11- сентябрындагы №26 чечимине ылайык, жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында жолбун иттер менен мышыктарды туруктуу негизде кармоо жана атуу иштерин уюштуруу сунушталган. Бул чаралар жарандарды жаныбарлардын агрессивдүү жүрүм-турумунан коргоо жана жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун азайтуу үчүн кабыл алынат.
Каржылоо боюнча айтылган 7 миллион сом тууралуу төмөнкүлөрдү билдиребиз: жылына орто эсеп менен 12 000ге жакын кароосуз жаныбар боюнча жүргүзүлгөн иштерди эске алганда, бир жаныбарга кеткен орточо чыгым жылына болжол менен 583 сомду түзөт. Бул суммага атайын бригаданын чыгышы, күйүүчү-майлоочу материалдар, кызматкерлердин эмгек акысы, жабдуулар менен транспорт каражаттарынын эскириши (амортизациясы), ошондой эле утилдештирүү чыгымдары кирет. Бул каражаттар шаардагы санитардык абалды камсыз кылууга байланыштуу минималдуу чыгымдарды гана жабат жана ашыкча деп эсептелбейт.
Атайын жай (приют) түзүү сунушу боюнча белгилей кетсек, мындай жайды куруу жана кармоо алда канча чоң бюджеттик чыгымдарды талап кылат: капиталдык курулуш, керектүү жабдуулар, кызматкерлердин штаты, сутка бою ветеринардык тейлөө, тамак-аш жана коммуналдык кызматтар. Мындан тышкары, комплекстүү программа (стерилизация, каттоо, вакцинация, үй жаныбарларынын ээлери менен иш алып баруу) болбосо, бир гана приют түзүү кароосуз жаныбарлардын санын тез арада азайтууга алып келбейт жана бюджеттик чыгымдардын жыл сайын көбөйүшүнө алып келет.
Ошол эле учурда мэрия үй жаныбарларын багуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин да карап жатат. Алардын ичинде милдеттүү каттоо жана вакцинация талаптары бар. Бул чаралар кароосуз жаныбарлардын санын кыскартууга багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарынын коопсуздугу негизги артыкчылык бойдон калаарын баса белгилейт жана бул маселени мыйзам талаптарына ылайык, туруктуу жана чечүүнү колдойт.