Бүгүн, 2026-жылдын 5-мартында, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында волейбол боюнча Бишкек шаарынын эркектер жана аялдардын командалары арасындагы шаардык чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбеков, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө мэрдин орун басары борбор калаада волейбол спортун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, командалардын жогорку даярдыгын жана жеңишке болгон умтулуусун баса белгиледи. Ошондой эле ал Бишкек шаарынын мэриясы спортту колдоону жана шаарда ири мелдештерди өткөрүү үчүн шарттарды түзүүнү улантарын айтты.
Белгилей кетсек, командалар арасындагы Бишкек шаарынын волейбол боюнча чемпионаты алтынчы ирет өткөрүлүүдө. Оюндар 4-марттан 8-мартка чейин уланат.
Мелдешке катышып жаткан эркектер арасында командалар:
1.«ВВ МВД»;
2.«СКА МО»;
3.«Салам Алик» СИ;
4.«Сары-Өзөн».
Аялдар арасындагы командалар:
1.«Бишкек»;
2.«Салам Алик»;
3.«СДЮШОР»;
4.«Макрон KG».
Байгелүү орундарды ээлеген командалар кубок, медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
Чемпионатты уюштуруучулар - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы.









