Бишкек шаарындагы «Диалог» шаардык маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу  жана Ак калпак күнүнө карата  салтанаттуу концерт болуп өттү. Иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалоого, жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоого жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоого багытталды.

Концертти Роман Чеснов жана Ольга Чуйкова алып барып, көрүүчүлөрдү кыргыз жана орус тилдеринде куттукташты. Алар бул майрамдардын тарыхый маанисине токтолуп, мамлекеттик символдорго урмат менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Программада хореографиялык номерлер, комуз күүлөрү, эстрадалык жана элдик вокалдык чыгармалар, ошондой эле хор аткаруулары сунушталды. Көрүүчүлөр ар бир номерди жылуу кабыл алып, артисттерди кызуу кол чабуулар менен коштоп турушту.

Сахнада «Салтанат» бий ансамбли, №2 Балдар искусство мектебинин комузчулары жана хору, эстрадалык жана элдик вокал боюнча таланттуу окуучулар Айбике Байымова жана Раяна Азаматбекова, «Сувенир» жана «Семетей» ансамблдеринин солисттери Роман Чеснов менен Эльвира Бегалиева, ошондой эле автордук чыгармалары менен Ольга Чуйкова өнөр көрсөтүштү.

Майрамдык концерт кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын, маданий мурасынын жана салттуу улуттук баш кийим — Ак калпакка болгон урмат-сыйдын маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.