Жаран Маматов Ж.У. Абдрахманов көчөсү, 125 дареги боюнча жеңил типтеги объект орнотуу үчүн жер тилкесин ижарага берүү тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул маселе боюнча жер тилкелерин берүү комиссиясы тарабынан арыз каралып чыгып, суралган жер тилкесин берүүдөн баш тартуу жана мурда Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан берилген архитектуралык-техникалык корутундуну жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Баш тартууга негиз катары көрсөтүлгөн аймакка жеңил типтеги объектти жайгаштыруу жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жүрүп-өтүүсүн кыйындатары белгиленген.
Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкелерин берүү тууралуу арыздарды кароодо шаар тургундарынын кызыкчылыктары артыкчылыктуу экенин, шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоо жана ыңгайлуу, тоскоолдуксуз шаардык чөйрөнү түзүү негизги багыт болуп саналарын баса белгилейт.
