2026-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында жол кыймылынын эрежелерин бузган жана унаа токтотуучу жайга акы төлөбөгөн унааларга карата рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейд борбор калаанын төрт район районунда өттү. Анын алкагында мыйзамсыз токтотулган 100дөн ашык унаа эвакуацияланып, айып короо жайына жеткирилди.

Ошондой эле Бишкек шаарынын ИИББ боюнча ЖКККБ кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты  –жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, шаардагы унаа тыгындарын азайтуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да туруктуу негизде өткөрүү пландаштырылууда.