Бишкекте жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда.
Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Исанов жана Садырбаев көчөлөрүндө кудуктардын капкактарын жолдун бетине чейин көтөрүп, оңдоп жатышат.
Бул аракеттер жол коопсуздугун жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Быйыл жаңы технологияны колдонуу менен Бишкекте 10 кудуктун капкагы орнотулду.



