Муниципалдык мүлк башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарды сатуу боюнча аукцион жарыялайт.
77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат.
Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган документти жана күрөө депозитин (баштапкы сумманын 10%) төлөгөндүгүн тастыктаган төлөм документтерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызды тапшырышы керек.
Суроолоруңуз болсо, Чокморов көчөсү, 246 дареги боюнча же 0312 979 195 (4220) телефону аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылыңыз.