Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарында жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Борбор калаадагы №67 жана №115 мектептерде мугалимдер жамаатынын жана окуучулардын катышуусунда салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Майрамдын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылып, Мамлекеттик туу көтөрүү аземи өткөрүлдү. Ошондой эле окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Катышуучуларга мамлекеттик символдун тарыхы жана мааниси тууралуу маалымат берилип, өлкөнүн биримдиги, тынчтыгы жана өнүгүүсү жөнүндө сөздөр айтылды.

Майрамдык иш-чаралар шаардагы бала бакчаларда да өткөрүлдү. Тарбиялануучуларга жеткиликтүү жана кызыктуу формада Кыргызстандын тарыхы, Мамлекеттик туунун мааниси жана улуттук символдорго урмат-сый менен мамиле кылуунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрмө берилди. Даярдоо тайпаларында балдардын мекенчилдик сезимин калыптандырууга багытталган ачык сабактар уюштурулду.

Бишкек шаарынын №162 бала бакчасында өзгөчө майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамга карата ата-энелердин катышуусунда тематикалык иш-чара уюштурулуп, «ЭтноSTEM» жабдууларын колдонуу менен мелдештер өттү. Бул иш-чаралар балдардын таанып-билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, улуттук каада-салттарга болгон кызыгуусун арттырууга жана үй-бүлө менен бала бакчанын кызматташтыгын чыңдоого багытталды.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын негизги максаты – өсүп келе жаткан муундун мекенчилдик сезимин тарбиялоо, мамлекеттик символдорго болгон урматты калыптандыруу жана жарандык жоопкерчилигин бекемдөө болуп саналат.