Төлөгөн Касымбеков атындагы шаардык борбордук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктик» доктринасын бекитүү тууралуу Жарлыгынын алкагында жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, маданий мекемелердин жетекчилери, белгилүү маданият жана илим ишмерлери, ошондой эле чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов өлкөнүн көп улуттуу эли дүйнөлүк бийиктиктерге жетүүдө олуттуу потенциалга ээ экенин белгилеп, мамлекетти өнүктүрүүдө билим берүүнүн, илимдин, маданияттын жана улуттук рухтун ролун баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө маданият кызматкерлерине шарт түзүү, элдик таланттарды колдоо, чыгармачыл уюмдарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу, жаштарды патриоттук тарбиялоону күчөтүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана таланттуу балдарды колдоо боюнча сунуштар айтылды.
Жыйындын соңунда республикалык улуттук форумга делегаттар сунушталды.






