Бишкек шаарынын Ленин районундагы «Жаш техниктер станциясы» муниципалдык кошумча билим берүү мекемесинде борбор калаанын балдары жана өспүрүмдөрү үчүн жеткиликтүү жана бекер кошумча билим берүү камсыз кылынат.
Жаш техниктер станциясы 37 жыл бою өспүрүмдөрдүн техникалык жана чыгармачылык өнүгүүсү боюнча алдыңкы борборлордун бири болуп келүүдө. Учурда мекеменин ийримдеринде 1988 бала билим алууда, алардын 18% социалдык жактан коргоого муктаж категорияларга кирген балдар. Окуу процессин 45 квалификациялуу мугалим камсыз кылат.
Окутуу алты негизги багыт боюнча жүргүзүлөт: техникалык (робототехника, IT, авиа- жана авто моделдөө), көркөм-эстетикалык, интеллектуалдык-өндүрүүчү, музыкалык-сценикалык, спорттук жана туристтик-өлкө таануу. Бардык сабактар бекер өтүлөт.
Льва Толстой көчөсү, 144 дарегинде жаңы заманбап 4 кабаттуу корпус курулуп жаткандыгына байланыштуу, окуу процесси убактылуу Ленин районунун 12 жалпы билим берүү мектептеринде уюштурулду. 2500 м²ден ашык аянтты ээлеген жаңы имараттын курулушу 2026-жылдын IV кварталында аякташы пландалууда. Жаңы корпус заманбап IT-класстар, робототехника лабораториялары, 3D-принтерлер, лазердик станоктор жана обсерватория менен жабдылат, бул балдардын катышуусун 2500 адамга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
2024–2026-жылдары Жаш техниктер станциясы жаңы багыттарды активдүү киргизүүдө: робототехника боюнча кошумча топтор ачылды, зергерчилик өнүгүүдө, «Өрнөк» этно-багыты аркылуу улуттук баалуулуктарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы жаштардын инженердик жана интеллектуалдык потенциалын түзүү шарттарын камсыздоого өзгөчө көңүл бурууда. Жаш техниктер станциясы ар бир балага сапаттуу кошумча билим алууга, таланттарын өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик багытын аныктоого мүмкүнчүлүк берип, маанилүү социалдык милдетин аткарууну улантууда, анын ичинде эс алуу учурунда да.





