Жеке менчик үйлөрдүн ээлерине өз участокторунда унаа токтотуучу жайларды расмий уюштурууга уруксат берилет (эгер жер ЖТК үчүн арналган болсо). Башкача айтканда, унааны белгиленген акыга корооңузга мыйзамдуу түрдө коюуга болот. Ошондой эле, унаа токтотуучу жайлардын аянты ар кандай болушу мүмкүн – жердин аянтына жана шаар курулушу менен санитардык нормаларга ылайык 2 унаадан 10 жана андан көп орунга чейин жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган.
Долбоордун зарылдыгы унаалардын көп болушу менен байланыштуу: шаарда 468 миңге жакын унаа катталган, ал эми келгендерди эске алганда күн сайын алардын саны 700 миңге жетет. Натыйжада, унаалар көбүнчө жол жээктерине, тротуарларга жана жашыл аянттарга токтотулуп, тыгындарга алып келет.
Бул долбоордо жол жээктериндеги башаламан унаа токтотууну, жол тыгынын азайтып, коомдук транспортко жана тез жардам кызматтарына жетүүнү жакшыртат деп күтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбооруна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына жеке турак жайлардын ээлери тарабынан ЖТК үчүн берилген жерлерде унаа токтоочу жайларды уюштурууну жөнгө салуучу тартипти бекитүү, ошондой эле тиешелүү кызматтар үчүн тарифтерди аныктоо милдети жүктөлүүдө. Белгиленгендей, долбоор жеңилдетилген негизде ишке ашырылат – пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн каттоо процесси жөнөкөйлөтүлгөн жана атайын шарттар каралган.
Пилоттук режим 2027-жылдын 1-февралына чейин улантылат. Натыйжаларын баалоодон кийин бул практиканы туруктуу негизде киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.
Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору коомдук талкуу жана Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашуу этабында турат.