Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси кызматына Ниязов Бекжан Эркинбекович  дайындалды. Ал буга чейин акимиаттын уюштуруу-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.