Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык районунун башчысынын орун басары кызматына Жээнбаев Керим Жээнбаевич дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн улук инспектору кызматын аркалап келген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.