Баш калаада мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык жер мунапысын ишке ашыруу боюнча иштер уланып жатат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына кирген объектилерди карап чыгууда.
Свердлов районунун комиссиясы 70 материалды жактырса, 168 материал Бишкек шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына тиешелүү корутунду чыгаруу үчүн жөнөтүлгөн.
Ленин районунун комиссиясы 190 материалды жактырган, ошондой эле 31 материал боюнча коомчулукка жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер уланууда.



