Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Балдар чыгармачылык борборунда балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык, интеллектуалдык жана техникалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча туруктуу иштер жүргүзүлөт. Бул иш-чаралар каникул мезгилинде да улантылат.
Борбордун башкы имараты Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 109 дарегинде жайгашкан. Мындан тышкары, төмөнкү даректерде филиалдар жана клубдар иш алып барат: Ялта көчөсү, 100; Аламедин-1 кичи району, 77; Чыгыш-5 кичи району, Мамбетов көчөсү, 1/3; Алма-Ата көчөсү, 424.
Борбордо ар кыл багыттагы ийримдер уюштурулган. «Почемучка» жана «Билгим келет» аттуу эрте өнүктүрүү студиялары, «East&West English» тил студиясы, «Акылман» шахмат клубу, «Менталдык арифметика» багыты, компьютердик сабаттуулук боюнча ийримдер иштейт.
Улуттук маданиятты сактоо жана жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат. «Каухар», «Жаз», «Кыялкеч», «Таажы» аттуу элдик жана заманбап бий ансамблдери, «Азем» фольклордук ансамбли, «Үч кыл» комуз ийрими, «Керемет» ооз комуз ийрими, «Оймо АРТ», «Чий чырмоо», «Өнөр Kg», «Этно сайма» студиялары, ошондой эле декоративдик-колдонмо өнөр боюнча «БисерОк», «Волшебный клубок», «Чебер колдор», «Айкелчи», «Чебер Даркан» ийримдери иш алып барат.
Мындан тышкары, техникалык жана заманбап чыгармачылык багыттары да бар: «Мураскер» (баштапкы техникалык моделдөө), «Полет» (авиамоделдөө), «312 ArtHouse» (сүрөт искусствосу), вокал ийрими, «Алтын кыл» гитара ийрими, «Сүйлө ART» сахналык сүйлөө студиясы, «Каарман» актёрдук чеберчилик ийрими, ошондой эле «Манас» өспүрүмдөр бирикмеси.
Ийримдердин ишмердүүлүгү баланын инсандык жактан ар тараптуу өнүгүшүнө, адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, таланттарын ачууга жана мазмундуу эс алуусун уюштурууга багытталган. Окутуу акысыз жүргүзүлөт, бул кошумча билим берүүнүн бардык балдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.







