Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында пландан тышкаркы текшерүүлөр уланууда. Бүгүн, 2026-жылдын 27-февралында, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышкан кезектеги текшерүү №70 жана №111 бала бакчаларында өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө каржылык жана чарбалык тартиптин бузулушу аныкталды.
Тактап айтканда, №70 мектепке чейинки билим берүү уюмунда ата-энелерден тамак-аш үчүн төлөм кызматкердин жеке эсебине мобилдик которуулар аркылуу кабыл алынганы белгилүү болду. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, акча каражаттары мекеменин расмий эсебине гана которулушу керек. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган кызматкер жумуштан бошотулду, ал эми директорго ишти талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү жана тамак-аш уюштурууда жол берилген кемчиликтер үчүн тартиптик жаза колдонулду.
№111 мектепке чейинки билим берүү уюмунда тамак-аш азыктарын уурдоо фактылары аныкталды. Мыйзамсыз алып чыгуу үчүн жашырылган азык-түлүк салынган куту табылып, ошондой эле тамактандыруу нормаларынын бузулушу белгиленди. Текшерүүнүн материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет, ал эми муниципалитет тарабынан мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.
Урматтуу шаар тургундары, ата-энелер! Бала бакчаларда тамак-аш үчүн төлөмдөрдү мекеменин расмий реквизиттери аркылуу гана жүргүзүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Белгилей кетсек, санитардык талаптардын жана мыйзам ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында пландан тышкаркы текшерүүлөр туруктуу негизде улантылат.








