2026-жылдын 3-мартында саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштары.
“Энесай” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
