Бишкек шаарында №33 К. Токаев атындагы мектептин базасында борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча директорлорунун орун басарлары жана социалдык педагогдору үчүн шаардык семинар-практикум өткөрүлдү.
«Ар-намыстын пайдубалы: көлөкөсүз мектеп» аталышындагы иш-чара коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, мектеп чөйрөсүндө укуктук маданиятты бекемдөөгө жана коррупцияга каршы баалуулуктарды калыптандырууга багытталды.
Семинардын ишине Билим берүү департаментинин тарбия иштери боюнча башкы адиси Турдубаева Г.Ж., Свердлов району боюнча билим берүү башкармалыгынын укуктук маселелер боюнча башкы адиси Береговая Е.В., №33 мектептин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Сайфутдинова О.Б., Борбордук Азия коррупция жана кирешелерди адалдоо маселелерин изилдөө институтунун директору Мамбеталиева Э.Ж., ошондой эле Бишкек шаарынын жана Свердлов районунун прокуратура органдарынын өкүлдөрү катышты.
Семинар «Домино эффекти» аттуу тематикалык видеоролик менен ачылып, эң майда көрүнгөн коррупциялык аракеттер да олуттуу жана кыйратуучу кесепеттерге алып келерин көрсөттү.
«Коргоо спектри» аттуу методикалык марафондун алкагында №33 мектептин педагогикалык жамааты коррупциянын алдын алууга багытталган практикалык инструменттерди сунуштады:
окуу процессине чынчылдык баалуулуктарын калыптандыруучу кейстерди киргизүү;
окуучулар арасында көп тилде социалдык сурамжылоолорду жүргүзүү;
баалоонун ачыктыгын камсыз кылган жана адам факторун минималдаштырган санариптик инструменттерди колдонуу.
Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун борбор калаанын мектеп окуучулары даярдаган «Сабак: артка кайтаруу» аттуу театралдык этюд жаратты. Анда көркөм сахналык форма аркылуу коррупциянын коом үчүн кооптуу кесепеттери чагылдырылды.
Семинардын эксперттик бөлүгү укуктук жоопкерчилик жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруунун алдын алуу маселелерине арналды. Прокуратура өкүлдөрү билим берүү тармагындагы укук бузуулар үчүн каралган кылмыштык жана административдик жоопкерчилик тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.
Жыйынтыгында катышуучулар билим берүү уюмдарында системалуу профилактикалык иштерди жүргүзүү — жаш муундун коррупцияга каршы аң-сезимин калыптандыруунун негизги шарты экенин белгилешти.
Семинарда сунушталган алдыңкы тажрыйбалар Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында жайылтуу үчүн сунушталды.




