«Таберик» залында балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана педагогдору үчүн шаардык семинар уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында «Кыргызстан балдары» шаардык балдар чыгармачылык борбору өзүнүн ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүп, ийримдер менен бөлүмдөрдүн ишин тааныштырды. Семинарга райондук балдар чыгармачылык борборлорунун жана жаш техниктер станцияларынын директорлору, директорлордун орун басарлары, усулчулар жана мугалимдер катышты.
Катышуучуларга борбордун бардык багыттары боюнча иштер көрсөтүлдү: «Таберик» балдар музыкалык театры, «Муун 4.0» бөлүмү (музыкалык жана техникалык ийримдер, анын ичинде 3D-моделдөө), «Чыгармачылык дүйнөсү» бөлүмү — балдардын кол эмгектеринин көргөзмөсү менен, «Өзүң режиссер» ийрими — автордук мультфильмин тартуулады, ошондой эле спорттук багыт (шахмат жана тогуз коргоол).
Семинардын соңунда конокторго борбордун тарбиялануучулары тарабынан даярдалган сувенирлер тапшырылды.
Иш-чара тажрыйба алмашуу жана Бишкек шаарынын кошумча билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болду.








