2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарынын мэриясы салтка айланган ата-энелер коомчулугу менен жолугушуунун алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жалпы билим берүү уюмдарынын ата-энелери менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Иш-чара Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын базасында уюштурулду.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, ички иштер органдарынын жана БМЖКККнын өкүлдөрү катышты.
Программанын алкагында катышуучулар ИИББ алдындагы кырдаалдык борборго барып, сутка бою иштеген видеокөзөмөл тутумунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Мектеп окуучуларынын ата-энелерине борбордун коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле жашы жете электердин укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар көрсөтүлдү.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өспүрүмдөр арасында жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер, укук бузуулардын алдын алуу жана баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча маалымат беришти. Ошондой эле билим берүү уюмдарында профилактикалык иш-чараларда колдонулуп жаткан маалыматтык видеоматериалдар сунушталды.
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун психологу Гулзат Исабекова өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү, балдар менен жекече иш алып баруу жана алар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн формалары тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алып, биргелешкен профилактикалык ишти күчөтүү боюнча сунуштарын талкуулашты.
Мындай иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана ата-энелер коомчулугунун жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу багытындагы аракеттерин бириктирүүгө багытталган. Бул багыттагы иштер мындан ары да туруктуу жана пландуу негизде улантылат.




