Ошондой эле таң эртеден баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары жана МАБдардын короо шыпыргычтары штаттык режимде иштешүүдѳ.
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын Жолбун ит-мышыктар менен күрөшүү бөлүмү шаардын аймагындагы жолбун жаныбарларды кармоо иштерин улантууда.
Арыздарды ишкананын диспетчердик кызматына 34-00-21 номуруна калтырсаңыздар болот.
Бишкек шаарынын мэриясы тазалыкты сактабагандарды аныктоо үчүн жарандарды маалыматтык жактан көмөк көрсөтүүгө чакырат жана арыздарды төмөнкү номерлерге калтырууга болот:
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.
Шаардык муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун шаарды сүйүүгө, көрктөндүрүү эрежелерин бузбоого жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин эмгектерин сыйлоого чакырат.