2026-жылдын 25-февралында Бишкек шаарынын  «Аза кызматын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бир катар көрүстөндөргө инспекциялык чыгуу жүргүздү.

Текшерүүгө жумушчу комиссиянын төрайымы – Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, төраганын орун басары, катчы жана комиссиянын мүчөлөрү – Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Дайырбеков жана Жаныбек Асанбеков катышты.

Алгачкы текшерүү объектиси болуп Түштүк-Батыш көрүстөнү болду. 2021-жылдын 1-январынан тартып аталган көрүстөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын корутундуларынын негизинде маркумдарды жерге берүү үчүн жабылган.

Аймакты кыдыруу учурунда комиссия аймакты кармоодо, көмүлгөн жайларды эсепке алууда жана чарбалык ишти уюштурууда бир катар кемчиликтерди аныктады. Муниципалдык ишканага көмүлгөн жайлардын толук инвентаризациясын жүргүзүү жана аймакты белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды берүү тапшырылды.

Андан соң жумушчу комиссия административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын карамагына өткөн Орто-Сай айылынын жанындагы көрүстөндү, ошондой эле Көк-Жар конушунда жайгашкан мусулман көрүстөнүн көрүп чыкты. «Аза кызматын көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасына жер тилкелерин пайдаланууга тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу, инфраструктуранын абалын жакшыртуу, аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана кармоо эрежелеринин сакталуусун камсыз кылуу милдеттендирилди.

Текшерүү иш-чаралары муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу жана объективдүү талдоо жүргүзүүгө, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөөгө, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, ошондой эле ресурстарды жана муниципалдык мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун баалоого багытталган.

Белгилей кетсек, жумушчу комиссиянын иши жана шаар аймагындагы көрүстөндөрдү текшерүү мындан ары да улантылат.