Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймагында ыйык Рамазан айына карата кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү.

Иш-чара «QATAR CHARITY» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулду. Свердлов административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган 75 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдору тапшырылды. Алардын катарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары, жакындары бар үй-бүлөлөр, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр бар.

Ар бир үй-бүлөгө ун, макарон азыктары, күрүч,  кант, өсүмдүк майы, кургатылган жемиштер, чай, томат, курма жана туз камтылган азык-түлүк топтому берилди.

Бул акция калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына колдоо көрсөтүүгө багытталган жана коомдо кайрымдуулук, боорукерлик жана өз ара жардамдашуу салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.