Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери улантылууда.
Имарат үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзүп, мектеп 560 окуучуга ылайыкталган.
Белгилей кетсек, билим берүү мекемесинин аймагы көрктөндүрүлүп, заманбап инфраструктура менен камсыздалат. Анын ичинде кичи-футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, машыгуу зонасы, балдар ойноочу аянтча, асфальт-бетон жана таман таш төшөлгөн жолдор, канализация системасы, ошондой эле өрт коопсуздугу үчүн атайын өтмөктөр каралган.
Учурда ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, футбол жана баскетбол аянтчаларына тосмолор орнотулууда.
Курулуш иштерин «СК Лидер Хаус» ЖЧКсы аткарууда.



