2026-жылдын 24-февралында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында мэрияга караштуу саламаттык сактоо тутумун башкаруу боюнча Координациялык комиссиянын жана социалдык мааниге ээ жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча шаардык көп секторлуу координациялык комитеттин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өкүлдөрү, ошондой эле шаардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө балдар жана өспүрүмдөр арасында баңгизатка көз карандылыктын алдын алуу маселелери каралды. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жашы жете электер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ведомстволор аралык кызматташууну активдештирүү жана психоактивдүү заттарды колдонууга жол бербөө багытында ата-энелердин жана коомчулуктун жоопкерчилигин жогорулатуу тапшырылды.
Мындан тышкары, муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы балдардын тереңдетилген медициналык кароолорунун жыйынтыктары талкууланды. Борбор калаанын аймагындагы парентералдык вирустук гепатиттер боюнча эпидемиологиялык абалга жана алардын алдын алуу чараларына өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматтарга ооруларды эрте аныктоого, профилактикалык иштерди күчөтүүгө жана балдардын саламаттыгын чыңдоого багытталган тапшырмалар берилди.




