23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Айданек" турмуштук оор кырдаалда турган балдарды реинтеграциялоо борборунда, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн "Аяр" реабилитациялык борборунда майрамдык иш-чаралар уюштурулду.
Иш-чаранын максаты – өсүп келе жаткан муунга патриоттук тарбия берүү, Ата Мекенди коргоонун ыйык милдет экенин түшүндүрүү жана майрамдык маанай тартуулоо болду.
Майрамдык программага борборлордун тарбиялануучулары жана социалдык кызмат алуучулар активдүү катышышты. Алар патриоттук темадагы ырларды аткарып, бийлеп, көркөм чыгармаларды окуп беришти.
Ошондой эле катышуучуларга жакшы маанай тартуулаган оюн-зоок программалары жана кызыктуу оюндар уюштурулду.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, бардык катышуучулар үчүн эсте каларлык майрам болду.






