2026-жылдын 24-февралында Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбор калаадагы бир катар инфраструктуралык объекттер боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Алгачкы болуп курулуп жаткан «Бишкек Арена» стадионунун айланасын көрктөндүрүү иштери каралды. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга кирүүчү жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштерине, ошондой эле инженердик коммуникацияларды тартууга даярдык көрүүнү тапшырды. Ленин райондук администрациясына, Транспорт департаментине, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасына жол жана инженердик иштерди өз ара шайкеш жүргүзүү милдети жүктөлдү.
Андан соң мэр Октябрь районунун тургундары менен Ахунбаев көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейинки бөлүгүн куруу маселеси боюнча жолукту. Жолугушууда шаар башчысы долбоорго өз алдынча эки жолу өзгөртүү киргизип, тургундардын нааразычылыгын жараткан подряддык уюмга эскертүү берди.
Айбек Джунушалиев мындай аракеттерге жол берилбестигин белгилеп, ар бир долбоор белгиленген тартипте макулдашуудан өтүп, тапшырыкчыга маалымдалып, андан кийин гана иштер башталышы керектигин айтты.
«Адилеттүүлүк принциптерин так сактап, иштерди мыйзамдын алкагында гана жүргүзүү маанилүү», — деп баса белгиледи мэр.
Шаар башчысы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин, тургундардын жана Бишкек шаарынын кызыкчылыктарын эске алган чечим сунуштады. Подряддык уюмга «Унаа» мамлекеттик мекемеси жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы менен биргеликте кыска мөөнөттө жол куруу боюнча жаңыланган долбоорду даярдоо тапшырылды.
Ошондой эле мэр Абдыкадыров, Кирпичная, Древесная, Торфяная жана Суворов көчөлөрүндө жашаган Свердлов районунун тургундары менен жолукту. Тургундар суу менен камсыздоо, канализация, жолдордун абалы жана балдар аянтчасын куруу маселелерин көтөрүштү. Мэр быйыл суу түтүктөрү жана канализация тармактары тартыларын, андан кийин жол иштерине өтүлөрүн билдирди.
«Биз бардык иштерди талаптарга жана нормаларга ылайык жүргүзөбүз. Алгач коммуникациялар, андан соң жолдор», — деп белгиледи шаар башчысы.
Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына воркаут-зонасы, тосмосу жана жарыктандыруусу бар балдар аянтчасынын эскизин иштеп чыгуу тапшырылды.
Мындан тышкары, дарыя жээгиндеги аймакты көрктөндүрүү маселелерин комплекстүү кароо үчүн комиссия түзүү тапшырылды. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте коопсуздук чараларын, анын ичинде өрт өчүрүүчү унаалар үчүн өтмөк уюштуруу жана дарыянын нугун тазалоо маселелерин иштеп чыгуу милдети коюлду. «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жашыл көчөттөрдү текшерип, кулап кетүү коркунучу бар дарактарды алуу жана соо бактарды сактоо тапшырылды. Муниципалдык инспекцияга мыйзамсыз бак кыюу жана таштанды төгүү фактылары боюнча чара көрүү, ал эми жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына мыйзамсыз объекттер боюнча иштерди жүргүзүү жүктөлдү. Транспорт департаментине дарыянын үстүнөн ички өтмөк орнотуу жана жээк көпүрөсүн куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга жол куруу, инженердик коммуникациялар жана аймактарды көрктөндүрүү маселелерин комплекстүү иштеп чыгууну, ал эми Свердлов райондук администрациясына иштерди координациялоону жана өз убагында аткарылышын камсыздоону тапшырды.
















