Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Каралаев көчөсү, 45 дарегинде жайгашкан "Ориентал" ЖЧКсына таандык кафени ыктыярдуу түрдө бузуу жөнүндө билдирүү берген.

Мамлекеттик актыга ылайык, негизги объект жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан. Ошол эле учурда, кафенин чыгыш тарабында, жеке менчик аймагынан тышкары, тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз муниципалдык жер тилкесинде — «Аламедин» дарыясынын үстүнө кошумча курулуш салынганы аныкталган. Аталган кошумча курулуштун  туурасы 9 метрди, узундугу 27 метрди түзөт.

Башкармалык тарабынан объекттин ээсине бул мыйзамсыз курулушту өз ыктыяры менен демонтаждоо зарылдыгы тууралуу эскертме тапшырылган. Жооп иретинде  «Ориентал» ЖЧКсы 2024-жылдын 13-июнунда муниципалдык жер тилкесин иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн 330 000 сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүлгөнү тууралуу квитанцияны көрсөткөн.

Мындан тышкары, объекттин ээси кошумча курулушту өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча кепилдик милдеттенмесин берген. Азыркы учурда милдеттенме аткарылууда, кошумча курулушту демонтаждоо иштери улантылып жатат.