Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы жана Тулпар менен биргеликте Бишкек шаарынын коомдук транспортунда рейддик иш-чараларды улантууда.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жүргүнчүлөрдүн жол кирени өз убагында төлөөсү жана накталай эсептешкен учурда жол жүрүү талонун алуусу көзөмөлдөнөт. Рейддер күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Орточо эсеп менен күнүнө онго жакын административдик протокол түзүлүүдө. Жол кирени төлөбөгөндүгү үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Жол кирени өз убагында төлөп, түшүү-чыгуу эрежелерин сактоону, ошондой эле накталай төлөм жүргүзгөндө сөзсүз талон алууну өтүнөбүз.

