2026-жылдын 21–22-февралында Бишкек шаарында Шотокан каратэ-до боюнча шаардын Чемпионаты жана Биринчилиги өткөрүлдү.

Эки күнгө созулган мелдешке борбор калаанын ар кандай спорттук клубдарынан жана секцияларынан келген 450гө жакын спортчу катышты.

Мелдештер каратэнин эки негизги багыты боюнча өттү:
ката – техникалык элементтерди, кыймылдардын тактыгын, ырааттуулугун жана ички топтолууну көрсөтүү;
кумитэ – ылдамдыкты, тактыкты жана тактикалык ой жүгүртүүнү талап кылган жуп таймаштар.

Мелдештин жыйынтыгында калыстар тобу ар кандай жаш курак жана салмак категориялары боюнча жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин аныктады. Спортчулар тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

Командалык эсеп боюнча жеңүүчүлөр:
•1-орун – «SKIF-Бишкек» клубу (55 алтын, 52 күмүш, 58 коло медаль);
•2-орун – «STAR» каратэ клубу (32 алтын, 35 күмүш, 24 коло медаль);
•3-орун – «Шито-рю» каратэ клубу (1 коло медаль).

Мелдештин уюштуруучулары Бишкек шаарынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти  жана Кыргыз Республикасынын Шотокан каратэ-до Федерациясы.