2026-жылдын 23-февралында Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов району аймагындагы базарларды көрктөндүрүү маселеси боюнча жеринде текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн алгачкы объектиси «Дордой базары» болуп, учурда бул жерде аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Шаар башчысы көлдүн айланасын жана ага чектеш жол тилкесин карап чыкты. Бул жерде жолду кеңейтүү менен жаңы жол куруу пландалууда.
Кыдыруунун жүрүшүндө мэр көлдүн жээгин камыштардан тазалоону жана көрктөндүрүү иштерин улантууну тапшырды. Белгиленгендей, бүгүнкү күнгө чейин суу сактагычтан 20 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.
Свердлов райондук администрациясына Муниципалдык мүлк башкармалыгы, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы, Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте жол курууга даярдык иштерин күчөтүү тапшырылды. Айрыкча, долбоорду ишке ашырууга тоскоол болгон мыйзамсыз объектилер боюнча чараларды көрүү зарыл.
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына жашыл аймактарга автоунааларды токтотуу маселесин көзөмөлгө алып, тиешелүү чараларды көрүү милдети коюлду.
Мындан тышкары, тиешелүү кызматтарга базардын аймагында көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайларды куруу үчүн мүмкүн болгон тилкелерди кароо жана өз алдынча иштеп жаткан объектилерди аныктап, алардын ишин токтотуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.
Андан соң мэр Айбек Джунушалиев Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан «Динар» жана «Чынар» базарларынын аймагын да текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Динар» базарынын ижарачысына тротуарларды мурдагы абалына келтирип, шаар тургундары үчүн ачык болуусун камсыз кылуу тапшырылды. Свердлов акимиатына тротуарды асфальттоо жана айланасын жашылдандыруу маселесин иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте санитардык талаптардын сакталышын жана объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү, ошондой эле мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштерин баштоо тапшырылды.
Соодагерлер менен жолугушууда шаар башчысы базарлардын аймагындагы бардык иш-чаралар Кыргызстан мыйзамдарынын алкагында гана жүргүзүлөрүн баса белгиледи.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев Свердлов районунун башчысына, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчисине жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директоруна сөгүш жарыялады. Свердлов районунун башчысына базарларды көрктөндүрүү иштерин жеке көзөмөлүнө алып, аймактарды талаптагыдай абалга келтирүүнү камсыз кылуу тапшырылды.














