21-февралда Бишкек шаарындагы “Диалог” шаардык маданият үйүндө “Эл аралык эне тил күнү” жана “Ата-Мекенди коргоочулар күнү” майрамдарына арналган салтанаттуу фестиваль болуп өттү.

Иш-чарага Армения, Германия, Франция жана Индия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, ар бир элдин эне тили, маданияты жана улуттук өзгөчөлүгү сахнада жаңырды.

Концерттик программада “Доор” фольклордук-этнографиялык ансамбли, манасчы Адиана Аманбекова, Жылдыз Тутуева, “Алексис” бий ансамбли, Ольга Чуйкова жана Жанетта Баялинова өз чыгармаларын тартуулашты.

Залда Борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Фестиваль достукту, биримдикти жана эне тилге болгон терең урмат-сыйды даңазалаган жогорку деңгээлдеги маданий иш-чара болду.