2026-жылдын 21-февралында Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында 2014–2015-жылдары туулган өспүрүм балдар жана кыздар арасында Бишкек шаарынын мэринин V Кубогуна дзюдо боюнча турнирдин салтанаттуу ачылышы болду.
Мелдештин катышуучуларына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана ЖК КР депутаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алар өз сөздөрүндө борбор калаада спортту өнүктүрүү ар дайым артыкчылыктуу багыт бойдон каларын белгилешти.
«Бүгүн биз спорттун, күч-кубаттын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн майрамына чогулдук. Бул жөн гана мелдеш эмес — бул Бишкек шаары үчүн, спортчулар үчүн чоң майрам. Турнир таланттуу жана максатка умтулган жаш спортчуларды бириктирет. Ар бир катышуучу үчүн бул өзүн көрсөтүүгө, жаңы нерселерди үйрөнүүгө жана чоң жетишкендиктерге дагы бир кадам таштоого жакшы мүмкүнчүлүк. Дал ушундай мелдештерде келечектеги жеңиштердин негизи түптөлөт», - деп белгиледи мэрдин орун басары.
Мелдештин жыйынтыктары
50 кг салмак категориясы (балдар):
1-орун - Маратов И;
2-орун - Алиев Э;
3-орун - Джунусов А;
3-орун - Адылбеков Б.
29 кг салмак категориясы (балдар):
1-орун - Жоробеков Р;
2-орун - Нурланов Н;
3-орун - Майрамбеков С;
3-орун - Ашыралиев У.
29 кг салмак категориясы (балдар):
1-орун - Баялинов А;
2-орун - Жеткинов А;
3-орун - Алмазбеков М;
3-орун - Ташболотов А.
Белгилей кетсек, турнир жыл сайын Бишкек шаарында дзюдону жайылтуу, жаштар арасында спортко жана сергек жашоо образына кызыгууну арттыруу, спортчулар менен машыктыруучулардын достугун бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу максатында өткөрүлөт.
Жалпысынан мелдешке 250дөн ашык дзюдочу катышты.
Иш-чара Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулуп, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясы тарабынан өткөрүлдү.




















