Ленин районундагы №102 И.Арабаев атындагы мектепте «Мен — Кыргызстандын жаранымын» урааны алдында «Тил — достуктун көпүрөсү» аттуу фестиваль өткөрүлдү.

Иш-чарага 138 окуучу катышып, болжол менен 150 көрүүчү болду.

Фестивалдын алкагында кыргыз, корей, кытай, казак, өзбек, түрк, татар, грузин, орус жана индия элдеринин саламдашуу салттары, улуттук каада-салттары, бийлери жана кийимдери көрсөтүлдү.

Иш-чара «Улуттук дух — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгын жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду.