Биринчи Май районундагы №75 мектепте «Тил — достуктун көпүрөсү» аттуу райондук маданий-билим берүү фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалга 7–11-класстардын окуучулары активдүү катышып, көп улуттуу коомдогу тилдин маанисин жана маданий ар түрдүүлүктүн баалуулугун чагылдырган мазмундуу программаны тартуулашты. Театралдаштырылган сахналар, ар түрдүү тилдердеги ырлар жана улуттук бийлер достук, ынтымак жана өз ара урмат-сый идеяларынын жаркын далили болду.

Фестивалдын негизги максаты — мамлекеттик тилди өнүктүрүү, эне тилге болгон урмат-сыйды жогорулатуу, көп улуттуу коомдогу тилдин ролун бекемдөө, ошондой эле жаш муундун чыгармачылык дараметин колдоо жана патриоттук тарбиясын чыңдоо болуп саналат.

Иш-чара «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктик» аттуу Жарлыкты жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамды ишке ашыруу максатында уюштурулду.