«Акниет» борбору, «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесинде жана «Аяр» борборунда Эл аралык эне тил күнүнө арналган майрамдык программалар уюштурулду.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, эне тилдин маңызын жогорулатууга, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана элдер аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган.
Программалардын жүрүшүндө катышуучуларга Эл аралык эне тил күнү тууралуу маалымат берилди. Эне тил тууралуу макал-лакаптар айтылып, ырлар окулуп, улуттук бийлер жана обондуу ырлар аткарылды. Тарбиялануучулар ар кандай улуттардын маданиятын жана тил өзгөчөлүктөрүн чагылдырган чыгармачылык номурларды даярдашты, бул достук, бири-бирине урмат жана биримдик атмосферасын түзүүгө салым кошту.
Иш-чараларга тарбиялануучулар, кызматкерлер жана жашоочулар активдүү катышышты, бул коомдо эне тилдин ролун күчөтүүгө өбөлгө түздү.
Иш-чаралардын негизги максаты — патриоттуулукту калыптандыруу, аны сактоо жана өнүктүрүү болуп саналат.





