2026-жылдын 24-февралында саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
"Ак-Босого" конушу
“Ак-Босого-1” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
