2026-жылдын 24-февралында саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү.

“ХБО” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.