2026-жылдын 20-февралында «Тунгуч» театрында Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Иш-чарага шаар тургундары чакырылып, ошондой эле калаа мэринин орун басарлары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана борбор калаанын шаардык жана райондук кызматтарынын жетекчилери катышты.

Бюджеттик угуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага Бишкек шаарынын мэринин  биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, БШК төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов жана бюджеттик комиссиянын төрайымы Элнура Дүйшекеева катышты.

Мэрдин биринчи орун басары  Мирланбек Байгончоков 2025-жылы бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи. Анын айтымында, акыркы беш жылда шаардын бюджети үч эсеге өстү. «Шаардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, калаа ыкчам өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп, алардын бардыгы ар бир тургундун жыргалчылыгына багытталган. Биз чоң пландарды ишке ашырып, шаардыктар үчүн мындан да ыңгайлуу жана заманбап шаар кура алабыз деп ишенебиз», — деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Бишкек финансы башкармалыгынын» башчысы Руслан Садырбаев 2026-жылга карата борбор калаанын бюджет долбоорун тааныштырып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын бюджетинин иш жүзүндөгү кирешеси 30,5 млрд сомду түзгөнүн билдирди. Аткарылышы 103,8 пайызды түзүп, план 1,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган.

2025-жылы Бишкек шаарынын бюджеттик чыгымдары 30,7 млрд сомду түзүп, анын негизги бөлүгү шаардын өнүгүүсүнө багытталган. Ошондой эле шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесине ылайык Турукташтыруу фондунан кошумча 2,9 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттын басымдуу бөлүгү жолдорду куруу жана оңдоо иштерине, шаарды көрктөндүрүүгө, билим берүү мекемелеринде коопсуздукту камсыздоого жана башка маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жумшалган.

2026-жылга карата долбоор боюнча Руслан Садырбаев жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 32,9 млрд сом өлчөмүндө болжолдонуп жатканын маалымдады. Бюджеттик каражаттар жол-транспорт инфраструктурасын жана инженердик тармактарды жакшыртууга жана курууга, социалдык объектилерди капиталдык оңдоого жана жаңы объектилерди салууга, райондорду көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, ошондой эле башка социалдык мааниге ээ долбоорлорго багытталат.

Коомдук угуу учурунда шаар тургундары газдаштыруу, канализация, жолдор, социалдык объектилер жана транспорт маселелери боюнча суроолорун берип, муниципалитет өкүлдөрү жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан жоопторун алышты. Ошондой эле айтылган сунуштар эске алынып, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.