Бишкек шаарындагы №2 китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — улуу акындын бай чыгармачылык мурасын даңазалоо, жаштардын поэзияга болгон кызыгуусун арттыруу жана китеп окуу маданиятын жайылтуу болду. Кеченин жүрүшүндө акындын чыгармаларынан көркөм окуулар окулуп, музыкалык номерлер жана тематикалык театралдаштырылган сахна тартууланды.

Буга чейин борбор калаанын Свердлов, Биринчи Май жана Октябрь райондорунун китепканалары да өздөрүнүн маданий программаларын сунуштап, райондор аралык чыгармачылык сынак уюштурушкан. Бул сынак китепканалардын ортосундагы чыгармачылык кызматташууну чыңдоого жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.

Иш-чарага шаардык китепканалардын кызматкерлери, окурмандар, маданият тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов катышты. Ал өз сөзүндө борбор калаада китеп окууну жайылтуу жана улуттук маданий мурасты сактоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.

Калыстар курамына Кыргыз Республикасынын эл акыны Кожогелди Култегин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Сайра Исаева, «Эркин Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары Курманбек Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, прозаик Гаарба Орозматов, ошондой эле И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы Бакытжан Мырзатаева кирди.

Сынактын жыйынтыгында баш байге Биринчи Май районунун китепканаларына ыйгарылды. Экинчи жана үчүнчү орундарды Свердлов жана Октябрь райондорунун китепканалары ээледи. Жеңүүчүлөргө «Кара-Кулжа ынтымак» коомунун жана Борборлоштурулган китепкана системасынын атынан баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.

Калыстар тобу иш-чаранын мазмундук жана көркөм деңгээли жогору болгонун белгилеп, мындай демилгелерди туруктуу негизде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ошондой эле кеченин алкагында Борборлоштурулган китепкана тармагы менен «БОЛАТ МЕДИЯ» мекемесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул кызматташтык китепканалардын ишмердүүлүгүн кеңири чагылдырууга, эл аралык маданий байланыштарды бекемдөөгө жана  жетишкендиктерди жалпыга маалымат каражаттарында туруктуу чагылдырууга шарт түзөт.