2026-жылдын 22-февралында саат 18:00дөн 23-февраль саат 06:00гө чейин Бишкек шаарында Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул убакыт аралыгында жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу 8 автобусттук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.
Алар: №71, №21, №2, №36, №40, №48, №48, №118, №254 каттамдар.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Белгиленген убакытта альтернативдүү багыттарды пайдаланууңуздарды суранабыз.