2026-жылдын 19-февралында калаа башчысы  Айбек Джунушалиев  Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектинин бир бөлүгүндөгү курулуш иштерин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы «Айчүрөк» ЦУМдун жетекчилигине кайрылып, алар тарабынан курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи.

«Шаар куруу нормалары жана Шаар куруу кеңешинде белгиленген тартипте каралып, бекитилген эскиздик чечимдер сакталбагандыгына байланыштуу, биз курулган конструкцияларды демонтаж кылууну жана жашыл аймак менен фонтан  зонасын  баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз», — деп баса белгиледи мэр.

Ошондой эле шаар башчысы компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, анда иштерге Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тартыларын эскертти.

Old Bishkek долбоорунун ишке ашырылышы боюнча мэр буга чейин муниципалитет Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине  долбоор мурда коюлган талаптарга шайкеш келерин текшерип, көзөмөл жүргүзүү өтүнүчү менен кат жөнөткөнүн билдирди.

«Биз объектке бир нече жолу келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоорлорду бекитилген документтерге жана шаар куруу нормаларына ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Буга карабастан, курулуш иштери улантылган», — деди шаар мэри.

Айбек Джунушалиев компания өкүлдөрүнө экинчи кабаттын үстүнө чатыр куруу иштерин убактылуу токтотуу тапшырмасын берди. Өз кезегинде Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисине сунушталган эскизди карап чыгып, долбоорду шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.