2026-жылдын 6–17-февраль күндөрү Бишкек шаарында балдар жана кыздар арасында Мектеп лигасынын баскетбол боюнча шаардык этабы болуп өттү. Мелдешке борбор калаанын төрт районунан жеңүүчү болгон командалар катышты.

Жалпысынан шаардык этапка райондук мелдештердин жыйынтыгында 1–4-орундарды ээлеген 16 окуучу катышты.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Мектеп лигасы спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлөт. Алар: бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, балдар жеңил атлетикасы, жеңил атлетика, мини-футбол, стол тенниси, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат.

Баскетбол боюнча шаардык этаптын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:

Балдар арасында:

I орун — №29 мектеп, Биринчи май району;

II орун — №33 мектеп, Свердлов району;

III орун — №110 мектеп, Свердлов району.

Кыздар арасында:

I орун — №110 мектеп, Свердлов району;

II орун — №33 мектеп, Свердлов району;

III орун — №95 мектеп, Ленин району.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышып, ошондой эле Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо алышты.

Мелдешти  Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти уюштурду.