2026-жылдын 18-февралында борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында сыйлык тапшыруу аземи өттү.
Шаар мэри Айбек Джунушалиев «Северное сияние грейт» ЖЧКсынын кызматкерлерин Бишкек шаарынын маданий турмушун өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлады.
Калаа башчысы компаниянын жамаатына аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Ишкананын директору Кудайберген Исмаиловго Бишкек шаарынын мэриясынын кол сааты тапшырылып, кызматкерлерине Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар берилди.
«Бул, биринчи кезекте, сиздердин эмгегиңиздерге берилген баа. Нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан, көп элдин чогулушу — жасалган иш текке кетпегенинин далили. Шаардын борбордук аянтында биз Жаңы жылды тосууга арналган өзгөчө майрамдык маанайды жарата алдык. Акыркы эки жылда бизнес менен муниципалитеттин тыгыз кызматташуусун жолго коюп, анын натыйжасында шаар тургундары майрамдык маанайды сезе алышты», — деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Белгилей кетсек, өнөктөштөр менен биргеликте Ала-Тоо аянтында шаар тургундары жана меймандары үчүн "Северное сияние" майрамдык эс алуу жана көңүл ачуу аймагы уюштурулган.












