Бишкек шаарындагы №2, №24 жана №31 жалпы билим берүү мектептеринде кытай жана корей тилдери тереңдетилип окутулуп, маданияттар аралык диалогду, гуманитардык кызматташууну жана эл аралык билим берүү байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган тематикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
№2 мектепте өткөн иш-чарага Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Корея билим берүү борборунун өкүлдөрү жана райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Окуучулар корей тили боюнча билимдерин көрсөтүп, чыгармачыл номерлерди, улуттук ырларды жана театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү тартуулашты. Мектепте кыргыз-корей билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча туруктуу иш жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
№24 Аалы Токомбаев атындагы мектепте Конфуций институтунун өкүлдөрү, мектеп жетекчилери жана ата-энелердин катышуусунда программа уюштурулду. Окуучулар кытай тилинде ырларды жана ыр саптарын аткарып, улуттук бийлерди жана чыгармаларды сунушташты. Маданий алмашуунун маанисине жана Кытай Эл Республикасы менен гуманитардык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
№31 мектепте кытай жана корей тилдерин үйрөнгөн окуучулар Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн маданий салттары тууралуу чыгармачыл долбоорлорду, презентацияларды жана көркөм номерлерди даярдап, маданияттар аралык кызматташтыкка болгон туруктуу кызыгуусун көрсөтүштү.
Мындай демилгелер окуучулардын маданияттар аралык компетенттүүлүгүн калыптандырууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасы, Кытай Эл Республикасы жана Корея Республикасынын ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.






