Аталган бөлүктө эки катмар асфальт төшөлүп, жол белгилери түшүрүлдү. Учурда тротуарларды жана ирригация тутумдарын орнотуу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын октябрь айында башталып, узундугу – 570 погондук метр, туурасы – 7,5 метр жол оңдолду.
Аталган иштер калаанын магистралдык жана борбордук көчөлөрүн автотранспорттук каражаттардан бошотуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Тизмеге ылайык, 2016-жылы калаанын 69 квартал аралык жана кичи райондордун ички жолдору оңдолууда.