2026-жылдын 15-февралында кезектеги рейддер өткөрүлүп, ага Бишкек шаарынын мэриясынын, төрт райондук администрациянын өкүлдөрү, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери, Бишкек шаардык ветеринардык кызматынын адистери, салык кызматкерлери, укук коргоо органдары жана МАБ кызматкерлери катышты.

Рейд учурунда өзгөчө эттин баасын негизсиз жогорулатпоону, эт азыктарынын сапатын тастыктаган документтердин болушун, ошондой эле соода жүргүзүүдө санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүгө көңүл бурулду.

Рейддердин алкагында соода субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана бекитилген баалардын так сакталуусу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындай иш-чаралар социалдык маанилүү азык-түлүк бааларын туруктуу кармоого жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.

Баалар боюнча талаптар бузулган учурлар аныкталса, жарандар төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрыла алышат:

Свердлов району: 0312 531351 жана 0312 433891;

Ленин району: 0312 656 875 жана 0312 656 901;

Биринчи май району: 0312 324 913;

Октябрь району: 0312 563 197 жана 0312 564 610.

Белгилей кетсек, этке болгон бааны  негизсиз жогорулатуу  фактылары аныкталса, жооптуу жактарга мыйзамдарга ылайык чаралар колдонулат.

Бишкек шаарынын мэриясы азык-түлүк базарларында баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында мониторингди жана көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.