Бишкек шаарынын мэриясы Новопавловка айылынын тургундары тарабынан Корсаков жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көрүстөндү көчүрүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу кайрылуулар боюнча учурдагы кырдаал тууралуу маалымдайт.

«Бишкек аза кызматтары агенттиги» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, эгерде жолду көрүстөндүн аймагы аркылуу өткөрүү чечими кабыл алынса, болжол менен 1364 маркумдун сөөгүн кайра көмүү талап кылынат. Анын ичинен 227си — мусулман, 1137си — христиан. Белгилей кетсек, аталган аймакта көмүү иштери 2024-жылга чейин жүргүзүлүп келген.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, көрүстөндүн аймагы толук ажырабаган органикалык калдыктар жана топуракта узак убакытка чейин сакталып калышы мүмкүн болгон микроорганизмдер аркылуу топурактын булгануу ыктымалдыгына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык жактан кооптуу болушу мүмкүн.

«Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору калк арасында жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучун алдын алуу максатында мүрзөлөрдү казуу иштерин жүргүзүүнү сунуштабайт.

Бишкек шаарынын  мэриясы мыйзамдын чегинде жана жарандарынын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Ушундан улам, Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырат.