Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнүн биз менен бирге белгилөөгө чакырабыз!
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторду Ала-Тоо аянтында Ата Мекенди коргоочулардын күнүн майрамдоого чакырат.
22-февралда саат 17:00дө кыргыз жана орус эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт өтөт.
Концерттик программада: Филипп Киркоров, Zivert, Tasso, Мирбек Атабеков, Николай Басков, Слава, Стас Михайлов, Жылдыз Осмоналиева, Омар, Гүлзада Рыскулова, Игорь Воронцов жана Аксай катышат.
Концертке кирүү акысыз.
Иш-чаранын алкагында 10 даана CHANGAN үлгүсүндөгү автоунаа, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети ойнотулат.
Лотереяга каттоо иш-чаранын жүрүшүндө жүргүзүлөт.
Толук маалымат алуу үчүн афишадагы шилтемеге өтүңүз:
https://afisha22fev.tilda.ws
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык концертке чакырат!
